Баш прокуратура: “Сапар Исаков айыптоону саясий куугунтук катары көрсөтүүгө аракеттенүүдө”

Баш прокуратура мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ЖЭБ боюнча саясий билдирүүсүнө жооп берди.

«Сапар Исаков өзүнүн кайрылуусунда ага коюлган айыптоону саясий өңүттөгү куугунтуктоо катары көрсөтүүгө аракет кылууда», -деди Баш прокуратура.

«Ошону менен бирге, коомдук пикирди бурмалоого жана укук коргоо органдарынын кадыр-баркына шек келтирүүгө далаалат кылып, 2018-жылдын январь айындагы Бишкек ЖЭБиндеги авария жана модернизациялоодо орун алган ар башка коррупциялык фактыларды бир жазык иш катары көрсөткүсү келүүдө», -деп тастыктап, Прокуратура Сапар Исаковдун ишине мындай далилдерди келтирет.

Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Сапар Исаковдун күнөөсүнө далилдер

—Тергөөнүн жүрүшүндө, «Электр станциялары» ачык акционердик коомунан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 2009-2010-жылдары «Электр станциялары», Энергетика министрлиги, Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги тарабынан техникалык тапшырма жана «Бишкек ТЭЦти модернизациялоо» долбоорунун суммасы 150 млн. долларды түзгөн утурлама техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалганын далилдей турган документтер (отурумдардын протоколдору, кат алышуулар, презентациялык долбоорлор) алынган.

Долбоорду каржылоочу булак катары Дүйнөлүк банк жана жарым-жартылай республикалык бюджет аныкталгандыктан, долбоор КР Президентинин «2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө» 2013-жылдын 21-январындагы №11 Жарлыгы менен бекитилген — документке киргизилип, аталган долбоорду ишке ашыруу баасы 150 000 000 (жүз элүү миллион) АКШ долларына бааланып 2014-2017-жылдарды долбоорду аяктоо мөөнөтү көрсөтүлгөн. .

Бирок, андан кийин Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо долбоорун ишке ашырууга кеткен чыгым 386 млн. АКШ долларына жетип, өсүп кеткен.

КР Президентинин ошол учурдагы администрациясынын өкүлү СапарИсаковдун колдоосу жана басымы аркасында ТВЕАнын модернизациялоо жөнүндөгү сунушу кыска мөөнөттүн ичинде бардык процедуралык макулдашууларды өткөн.

Эгерде ТВЕА компаниясынын 2009-жылдагы Бишкек шаарынын ТЭЦти модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу 200 млн. АКШ долларына сунуштоосу,«Электр станциялары» ААК тарабыны 150 млн. АКШ долларындагы баада аткарууга сунушталдган альтернативалык долбоорго караганда кымбат экендиги белгиленип баш тартылгандыгын жана 386 млн. АКШ долларынын ичинен бир дагы цент салык жана башка мамлекетке бюджетке төлөнүүчү төлөмдөр кошулбаган.

Эл аралык аудит жана экспертизасыз эле аткаруучу тарабынан модернизациялоонун баасы өтө эле жогору экендиги айдан ачык көрүнүп турат.

Соттук-курулуш жана техникалык комплекстик экспертизанын корутундусуна ылайык, С.Исаковдун, дагы башка кызмат адамдарынын жана айрым кызыкдар тараптарынын коррупциялык иш-аракеттеринин натыйжасында, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына 5 439 527 482 (беш миллиард төрт жүз отуз тогуз миллион беш жүз жыйырма жети миң төрт жүз сексен эки) сом же болбосо 111 252 797 (жүз он бир миллион эки жүз элүү эки миң жети жүз токсон жети) АКШ долларындагы зыян келтирилген.

«Исаковдун ЖЭБдин модернизацияланган бөлүгү кыйроодон сактап калды дегени жүйөөсүз»

Исаковдун ЖЭБдин модернизацияланган бөлүгү ТЭЦтин техникалык каражаттарынын кыйрашынан жана шаардын элин сууктан сактап калды деген пикири жүйөөсүз.

Жаңы энерблоктун кубатуулугу 300 мегаватт жана саатына 300 Гкал жылуулук бере алат.

Ошол эле мезгилде, Бишкек ТЭЦи модернизациялоого чейин 666 мегаватт жана саатына 1443,9 Гкал жылуулук чыгарган.

Андыктан, жаңы энергоблок эч качан ТЭЦтин эски бөлүгү берген кубатуулукту бере алмак эмес, жаңы энерблок ТЭЦтин эски бөлүгү иштеп чыккан кубатуулукка көмөкчү милдети гана аткаруу болгон.

Аварияга чейин жана андан кийин деле электроэнергияны жана жылуулукту иштеп чыгуу милдетин ТЭЦтин эски бөлүгү аткарып келет.

Жыл ичинде жаңы агрегаттар күз-кыш мезгилинен сырткары, 6 ай бою иштебей турат. Ал эми, жылуулук берүү мезгилинде бир энергоблок гана иштеп экинчиси резервде эле турат.

Чындыгында, ТЭЦтин тетиктери кандайдыр бир абалда эскерип бүткөн. Бирок, модернизацияланган бөлүк шаарды электроэнергия жана жылуулук менен камсыз кылуу милдетин аткара алат деген пикир чындыкка дал келбейт. Анткени, жогоруда айтылып өткөндөй ТЭЦти модернизациялоого чейин саатына 1443,9 Гкал иштеп чыкса, жаңы энергоблок саатына 300 Гкал гана иштеп чыгара алат.

Эски тетиктерди бузуп, модернизациялап жаңы тетиктерди коюдан электро энергияны иштеп чыгуу 146 мегаваттка көбөйсө, тескерисинче жылуулук иштеп чыгуу саатына 200 Гкал азайган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, С.Исаков Президентин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын кызматын ээлеп туруп, Аппарат башчысынын орун басары рангында, негизинен Өкмөттүн укуктарын узурпациялап, жалгыз өзү өтө кымбат турган улуттук долборлорду башкарып, мамлекетке миллиондогон зыядарды келтирген.

С.Исаковдун жана башка кызмат адамдарынын коррупциялык иш-аракеттеринен жана II Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы ипподромду реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууга тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзбөгөндүгүнүн натыйжасында, мамлекетке жалпысынан 144 052 023,64 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Тарых музейинин реконструкциялоо долбоорунда

Сапар Исаковдун жогорудагыдай эле аракеттери Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо долбоорунда да орун алып, мамлекетке 101 690 800 сом зыян келтирилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча С.Исаков жана башка кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын ЖКнын 319-бер. 2-бөлүгү (Коррупция) менен Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөөчүлөр тарабынан айыптары угузулган.

Кыргыз Республикасынын Конституциянын 93-беренесинин талаптарына ылайык, сот адилеттигин сот гана ишке ашырат жана кылмыш жасагандыгы боюнча күнөөлүү же күнөөлүү ээместиги жөнүндөгү чечимди сот гана кабыл ала алат. Сот өндүрүшү тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашырылат.

Айта кетсек, 2019-жылдыг 8-апрелинде мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБиндеги авария жана модернизациялоо долбоору боюнча козголгон кылмыш иши боюнча саясий билдирүүсү жарыяланып, аны далили жок саясий буйрутма деп атаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты