​Сузакта үйлөрдү суу каптады

  • 5 лет мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катуу жааган жамгырдан, ички чарбалык селден улам арыктардан суу ашып, 9 турак үйдүн короо- жайын суу каптады.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

10-апрелде болжол менен саат 08:40тар чамасында нөшөрлөгөн жаандан улам, жамгыр суусу ички чарбалык арыкка батпай, Караган айылындагы Железнодорожный көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн короосун каптай баштаган.

Ал эми, саат 11.50 чамасында сел арыктан Кызыл-Туу айылындагы Железнодорожный көчөсүндө жайгашкан дагы 4 үйдүн короосун каптаган.

Тартылган күч-аракеттин натыйжасында суунун нугун бурууга жетишилди.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты