Кыз-келиндер абалы: ​Жогорку Кеңеште аял-депутаттардын саны аз

Жогорку Кеӊеште депутат-аялдарынын саны 15% түзөт, бул Шайлоо кодексинде бекитилген 30% гендердик квотадан эки эсе аз.

Бул туууралуу бүгүн, 29-мартта, Бишкекте Пекин декларациясын жана Пекин платформасынын иш-аракеттерин ишке ашыруу жыйынтыктарын талкуулоо жана кыз-келиндердин шарттарын жакшыртуу боюнча биринчи улуттук консультацияларда кыз-келиндер маселеси козголду.

Кыргызстанда аялдардын экономикалык активдүүлүгү төмөндөгөнү, аял депутаттардын саны азайганы тууралуу айтылды.

Эмгек жана социалдык өнүүгү министринин орун басары Жаныл Алыбаева белгилегендей, Кыргызстанда аялдардын экономикалык активдүүлүгү төмөндөдү. Жергиликтүү кеңештерде аял депутаттардын саны азайды.

Улуттук статистика комитетинин 2017-жылдагы маалыматына ылайык, аялдардын экономикалык активдүүлүгү 45,9% төмөндөгөн, аларга салыштырмалуу эркектердин экономикалык активдүүлүгү 75,0% түзгөн.

Аялдардын билиминин жогорку деӊгээлине карабастан, жергиликтүү кеӊештердеги аял-депутаттарынын саны ар бир шайлоо сайын кыскарып отуруп Кыргызстандын тарыхындагы эӊ төмөнкү көрсөткүч — 10% ге жетти.

Жогорку Кеӊеште депутат-аялдарынын саны 15% түзөт, бул Кыргызстандын шайлоо кодексинде бекитилген 30% гендердик квотадан эки эсе аз.

Мунун жыйынтыгы катары, өлкөдө бала менен эненин өлүмүнүн көрсөткүчтөрүнүн жогорку деӊгээлде калуусун, ички жана тышкы миграцияда аялдардын жана жаш өспурүмдөрдүн санынын деӊгээлинин өсүшүн, аялдар жана кыздарга карата зомбулуктун жана дискриминациянын коркунучтуу масштабтарын жана балдар эмгегинин эӊ терс көрүнүштөрүн белгилеп кетсе болот.

Теңсиздик көйгөйү дагы эле орун алууда

2019-жылы Кыргызстан бардык БУУга мүчө-мамлекттердин катарында Пекин+25 улуттук обзор, серепке өттү.

Анын максаты гендердик теӊчиликти жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүүдөгү, ошондой эле туруктуу өнүгүү жаатындагы Максаттарды улутташтыруу контекстинде жаӊы артыкчылыктарды аныктоодо мамлекеттик иш-чараларды илгерилетүү боюнча жетишкендике баа берүү болуп эсептелет.

«25 жыл мурун БУУга мүчө мамлекеттер өздөрүнүн улуттарына жана дүйнөлүк коомчулукка аялдарга каршы гендердик теӊсиздикти, зомбулукту жана дискриминацияны жоюу боюнча убада берген.

Кыргызстан тарабынан бул убадаларды аткаруу боюнча чоӊ күч-аракет көрүлгөн.

Бирок теӊсиздик көйгөйү дагы деле орун алууда жана мыйзамдардын тийиштүү деӊгээлде аткарылбаганы, массалык миграция, кедейчилик, климаттын өзгөрүшү жана радикалдык көз-караштардын жана агымдардын жайылтылышы сыяктуу жаӊы чакырыктар менен оорлошуп жатат.

«Аялдардын жана кыздардын акыйкат жана коопсуз дүнүйөнү курууга жигердүү катышуусуз биздин өлкөнүн жана жалпы эле дүйнөнүн туруктуу жана натыйжалуу өнүгүүсү мүмкүн эмес», деп БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы Өкүлүнүн милдетин аткаруучу Нүргүл Асылбекова белгилеп кетти.

Консультацияларда гендердик маселелер боюнча жооптуу Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, жарандык коомдун өкүлдөрү, БУУнун агентиги жана эл аралык уюмдар катышат.

Айта кетсек, биринчи Консультация Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, БУУнун агенттигинин колдоосу менен өткөрүлүүдө (БУУнун Аялдар түзүмү, ЮНИСЕФ жана БУУнун Өнүгүү Программасы).

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык колдоо кызматы кабарлады.

Сүрөттөр: Өкмөттүн маалыматтык колдоо кызматыныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты