​Ашхабадда жугуштуу тамак оорусу күч алууда

  • 5 лет мурун

Ашхабадда тургундар жапырт ооруп, бирок ооруканага кайрылгандарга дарыгерлер эч кандай диагноз койбой жатат.

Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды.

Дарыгерлердин айтымында, бул дартка 3-6 күнгө созулган дене табынын жогорулашы, тамак оору жана таңдайдын ириңдеген белгилери мүнөздүү. Мындан тышкары кесел жөтөл менен коштолуп, айрым учурларда бөйрөккө өтүп кеткени дагы кездешүүдө.

Түркмөнстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен борбордун медициналык мекемелеринен жарандардын жапырт ооруп жаткандыгы тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон эмес.

Басылманын саламаттык сактоо тармагындагы өз булактарынын билдиргенине караганда, акыркы айларда шаардыктардын арасында жугуштуу тамак оору (скарлатина) кеңири жайылууда.

«Кичинекей балдар вирустан тышкары скарлатина менен ооруп жатышат. Бирок бизге андай диагноз коюуга тыюу салынган», — деди ал.

Түркмөнстанда сыркоолор тууралуу расмий статистика жарыяланбайт. Бийлик менен жергиликтүү басылмалар мезгилдик жугуштуу дарттар жөнүндө кабар бербейт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты