Түркмөнстанда иштеп жаткан акыркы мессенжер жеткиликсиз болуп калды

  • 9 месяцев мурун

Түркмөнстанда интернеттин ылдамдыгы жайлап, жашоочулар IMO тиркемесин колдоно албай калышты. Ал бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө иштеп жаткан жалгыз кат алмашуу платформасы болуп келген.

«IMO иштебей калды. Калган мессенжерлер мурда эле бөгөттөлгөн. Интернет жай болгондуктан чет өлкөлүк телеканалдар да жеткиликсиз болуп калды. Бир жумадан бери интернеттен «Евроньюс» каналын көрө албай жатабыз» деди Ашхабаддын тургундарынын бири.

WhatsApp, Viber, Facebook, Twitter, YouTube сыяктуу тиркемелер түркмөнстандыктарга мурда эле жеткиликсиз болуп калган. Мындан тышкары Түркмөнстан жөнүндө жазган чет өлкөлүк ЖМКлардын, анын ичинде «Азаттыктын» түркмөн кызматынын сайттары бөгөттөлгөн.

Түркмөнстанда көз карандысыз маалымат каражаттары жок. Өлкөдөгү бардык телеканалдар, радиостанциялар, гезиттер жана маалыматтык сайттар мамлекеттин көзөмөлүндө.

Түркмөнстандыктар өлкөдө тыюу салынган сайттарды VPN аркылуу ачууга аракет кылып келишкен. Бирок интернеттин ылдамдыгы начарлагандан кийин бул да мүмкүн болбой калганы айтылууда.

Буга чейин эл аралык эксперттер бир нече жолу Түркмөнстанды дүйнөдөгү интернети эң жай өлкө деп аташкан.

Архивдик сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты