​Дарига Назарбаева Казакстан сенатынын төрайымы болуп шайланды

  • 5 лет мурун

Дарика Назарбаева Казакстан сенатынын төрайымы болуп шайланды.

Дарига Назарбаеванын талапкерлигин парламенттин жогорку палатасынын бардык 44 депутаты колдоп добуш берди.

Назарбаеванын талапкерлиги өлкөнүн жаңы дайындалган Президенти Касым-Жомарт Токаев тарабынан көрсөтүлгөн.

Буга чейин Дарига Назарбаева парламентте эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетин башкарган.

Ал- сенаттын депутаты, тунгуч президент Нурсултан Назарбаевдин кызы. 1963-жылы 7-майда туулган. Саясий илимдер жаатында докторлук даражасы бар.

Бул тууралуу Спутник Казакстан маалымдады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты