​Турдукулов: “Байкоочу кеңеш кимдир-бирөөнүн тапшырмасын аткарды”

Жаңылыктар

Бүгүн Байкоочу кеңеш КТРКнын баш директору кызматына Үсөн уулу Жайнакты шайлады.

КТРК жетекчилигине талапкер болгон Адил Турдукулов "Азаттык" үналгысына буларды билдирди:

--Коомдук кеңеш менен иш жүргүзбөсө мындай жыйынтыкка жетүү кыйын болмок. Ошондуктан кандайдыр бир тапшырманы аткарганы көрүнүп калды, -деди.

Жайнак Үсөн уулун Байкоочу Кеңештин 15 мүчөсүнүн 13 ү колдоду.

Сүрөт: "ПолитКлиниканыкы"