БУУ комитети Адил Турдукуловдун тынч жыйын өткөрүү укугунун бузулушун белгиледи
- 1 год мурун
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) комитети жарандык жана саясий укуктардын эл аралык пактынын 21-беренесине ылайык, блогер Адил Турдукуловдун тынч жыйын өткөрүү укугунун бузулушун белгиледи.
БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын сайтында БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин 137-сессиясында (2023-жылдын 27-февраль-24-мартында) кабыл алган Адил Турдукуловдун, адвокаты Гүлшайыр Абдирасулова аркылуу, 2016-жылдын 2-августунда берилген арызына жооп жазылган.
БУУнун комитети өз чечиминде жарандык жана саясий укуктардын эл аралык пактынын 21-беренесинин арыз берүүчүнүн тынч жыйын өткөрүү укугунун бузулушун белгиледи.
Комитет арыз берүүчүгө адекваттуу компенсация берилишин, анын ичинде мамлекеттин ага салынган айып пул жана башка соттук чыгымдардын ордун толтурууну эскертти. Кыргызстан мындан ары да аталган укук бузуулар болбошун эске алышы керектиги айтылды.
Кыргызстан 180 күндүн ичинде БУУ комитетине аталган чечимдин аткарылышы боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат бериши керектиги белгиленген.
Белгилей кетсек, 2015-жылдын 17-декабрында Адил Турдукулов дагы 6 катышуучу менен бирге Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында тынч жыйын өткөрүүнү көздөгөн. Анын максаты журналист Дайырбек Орунбековго тилектештик билдирүү болгон. Ал кезде Дайырбек Орунбеков Кыргыз Республикасынын президентинин кадыр-баркына доо келтирди деген моралдык зыян үчүн компенсация төлөбөгөндүгү үчүн камак жазасы күтүп жаткан.
Арыз берүүчү тынч жыйын өткөрүүчү жерге барганда, аны милиция токтоткон. Милиция ал жакта тынч жыйын өткөрүүгө болбостугун эскерткен. Себеби алдын ала тиешелүү органдарга тынч жыйын өткөрүү тууралуу эскертилген эмес. Арыз берүүчү тынч жыйын өткөрүүгө анын Конституциялык укугу бар экенин айткан.
Ага карабастан, укук коргоо кызматкерлери Кыргыз Республикасынын административдик кодексинин 392 жана 371-беренелерин бузду деп, автордун айтуусунда, ага 10 расчеттук эсепте (2 млн сом) айып пул салган.
Адил Турдукулов соттун чечимине каршы арыз жазып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 34-беренеси боюнча, тынч жыйын өткөрүүгө укугу бар экенин белгилеген. Ошондой эле ошол учурда 2002-жылдагы мыйзам 2012-жылы 23-майда кабыл алынган “Тынч жыйын өткөрүү” мыйзамы менен алмашылган. Жаңы мыйзам боюнча, тынч жыйын өткөрүү тууралуу алдын ала билдирүү берүү каралган эмес. Ошондой эле административдик жаза да берилмек эмес.
Ошого карабастан Бишкек шаардык соту (аппеляциялык сот) Турдукуловго 2016-жылдын 16-апрелиндеги административдик жаза берүү чечимин күчүндө калтырган жана 2016-жылдын 19-апрелинде Жогорку өкүмдү күчүндө калтырган.
Бишкектин борбордук бөлүгүндө нааразылык акциясын өткөрүүгө салынган тыюу 2022-жылдын март айында кабыл алынган. Анын мөөнөтү улам узартылып келе жатат. Укук коргоочулар мындай чечим мыйзамсыз экенин эскертүүдө.
Бишкектин Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки аралыкта, Жогорку Кеңештин имаратынын жана президенттин администрациясынын алдында, аларга жакын Панфилов паркында митинг өткөрүүгө салынган тыюу ушул жылдын 1-июлуна чейин узартылган.
Ага ылайык, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гүлбакта, Жогорку Соттун жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жанында да нааразылык акцияларын өткөрүүгө болбойт.
Митинг же пикет өткөрүүнү каалагандар Максим Горький атындагы бакчада чогулса болот.
Бишкек шаарынын борбордук бөлүгү тарабында митинг өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү 2023-жылдын 1-июлуна чейин узартылган.
Сүрөттөр: Интернет булактарынан.