ЖК КТРКны «улуттук» кылып өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

  • 2 года мурун

2-мартта Жогорку Кеңеш Коомдук телерадиоберүү корпорациясын “улуттук” кылып өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорун экинчи окууга толуктоолор менен алып келүү сунушталды.

Өкмөт сунуштап жаткан долбоорго ылайык, буга чейин КТРКнын 15 адамдан турган Байкоочу кеңеши каналдын директорун добуш берүү жолу менен төрт жылга шайлап келген болсо, эми башкы директорду дайындоо жана иштен алуу укугу президентте болот. Байкоочу кеңеш жоюлат.

КТРКга коомдук деген макам 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин берилген. КТРКнын директору Кайрат Иманалиевдин айтымында, “Улуттук” болуп өзгөртүлсө, бюджети 12 миллион сомго көбөйөт. Бул каражат маянага жумшалат.

КТРКнын 2021-жылдагы бюджети 386 миллион сом болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты