КТРКнын мурдагы директору Соцфондду жетектейт

  • 3 года мурун

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) мурдагы директору Бактияр Алиев Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды.

Аны бүгүн эмгек жамаатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

Буга чейин Социалдык фондду 2021-жылдын май айынан бери Жаныбек Орозалиев жетектеп келген.

Бактияр Алиев Ош технологиялык университетинде финансы адистиги боюнча билим алган. Экономика илимдеринин кандидаты.

2001-2009-жылдары Социалдык фонддо иштеген. 2009-2020-жылдары КТРКнын Республикалык радио телеборборунун директору болуп иштеп, 2020-жылдын аягында КТРКнын башкы директору болуп дайындалган.

Ээлеген кызматынан ушул жылдын 15-октябрында бошотулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты