Медиа коомчулук КТРК жөнүндө мыйзам долбоорун чакыртып алууну өтүнүүдө
- 3 года мурун
Кыргызстандын медиа коомчулугу Министрлер кабинетинин жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин дарегине “Кыргыз телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзам долбоорун чакыртып алуу өтүнүчү менен ачык кайрылуу жолдоду.
Аталган мыйзам долбооруна ылайык, телекорпорация коомдук статусунан ажыратылат. Медиа коомчулук муну менен демократиялык принциптерди жокко чыгарган жагдайлар пайда болууда деген пикирде.
Билдирүүнүн толук мазмуну:
Бул билдирүү менен медиа коомчулугу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен министрликтерге жана ведомстволорго жиберилген “Кыргыз телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзам долбоорун чакыртып алууну өтүнөт. Бул билдирүүгө колдонуудагы мыйзамда белгиленген демократиялык принциптерди толугу менен жокко чыгарып жаткан жагдай негиз болду. Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде көрсөтүлгөн көйгөйлөр мыйзам долбоорунун өзүнүн мазмуну менен эч кандай түрдө чечилбейт.
- Алалы, мыйзам долбоорунда “коомдук телеканал” статусун алып салуу сунушталууда.
Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 1-бөлүгү менен улуттук мамлекеттик мекеме статусу сунушталууда.
Телерадиоберүүнү жөнгө салуунун эл аралык стандарттарынын маанилүү өңүтү болуп коомдук телерадиоберүүнүн иштөө принциптерин белгилөө санала тургандыгын белгилейбиз. ЮНЕСКО коомдук берүүнүн плюрализми жана көз карандысыздыгы зарыл болгонун бир нече жолу баса белгилеген. 1997-жылы кабыл алынган София декларациясында ЮНЕСКО төмөнкүдөй ниетин билдирген: “Мамлекетке тиешелүү телерадио коомдорун биринчи кезекте реформалап, аларга журналисттик жана басма сөз эркиндигине ээ болгон ачык коомдук мекемелердин статусу берилүүгө тийиш”.
Бул жагдайларга Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) №1641 (2004) Сунуштамасында, 2007-жылы пикир билдирүү эркиндиги боюнча 17 эл аралык уюмдун атайын өкүлдөрү кабыл алган Телерадиоберүүдөгү социалдык-маданий көп түрдүүлүк жөнүндө биргелешкен декларацияда жана башка эл аралык документтерде көңүл бурулган.
Жогорку Кеңештин 2011-жылдагы өтүнмөсү менен 2014-жылы Кыргыз Республикасына Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясында (ЕКПА) “Демократияны бекемдөөдөгү өнөктөш” статусу берилген. Кыргыз Республикасынын Парламентинин төрагасы Асылбек Жээнбеков өз катында Регламенттин (Жол-жобонун эрежелеринин) 61.2-беренесинде белгиленген талаптарга ылайык, Кыргыз Республикасы плюрализмге жана гендердик теңчиликке, ошондой эле паритеттик демократияга, укук үстөмдүүлүгүнө жана адам укуктары менен негизги эркиндиктерин урматтоого негизделген Европа Кеңешинин баалуулуктарын бөлүшөрүн билдирген. Бул статусту алуунун натыйжасында Кыргызстанга Евробиримдиктен да, эл аралык уюмдар тарабынан да демократиялык реформалар жаатында жардамдар көбөйгөн.
Жогорку Кеңештин Кыргызстанга бул статусту берүү жөнүндө өтүнүчү демократияны өркүндөтүүдө, укук үстөмдүүлүгүн жана адам укуктары менен негизги эркиндиктерин толук сакталышын камсыз кылууда Жогорку Кеңештин өзүнө алган саясий милдеттенмесин күбөлөндүргөндөн тышкары, муну менен катар жалпысынан европалык тажрыйбаны үйрөнүүгө, ошондой эле Европа Кеңешинин стандарттарын алдыга жылуу үчүн багыт катары колдонууга даярдыгынан да кабар берет.
Ошентип, Кыргыз Республикасы өзүнө алган милдеттенмелерге жетүүдөгү эл аралык стандарттар коомдук телеканалдардын иштешинин зарылдыгын белгилейт. Мыйзам долбоорунда 90-жылдардын башында болгон жана 2010-жылга чейин иштеп келген мыйзамдардын мурунку ченемдерине кайтуу сунушталууда.
- Мыйзам долбоору менен телеканалдын Байкоочу кеңешин алып салуу сунушталып жатканына көңүл бурабыз.
Колдонуудагы мыйзамда Байкоочу кеңеш корпорациянын башкаруу органы болуп саналат.
Колдонуудагы мыйзамга ылайык, Кеңеш Корпорациянын ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыздап, коомчулук менен үзгүлтүксүз жолугушууларды, консультацияларды уюштуруп, коомдун кызыкчылыктарын мүмкүн болушунча жакшы жеткирүү максатында этностук, гендердик, жаш курактык, кесиптик, маданий жана диний принциптер боюнча жарандардын өкүлдөрүнүн сунуштарын эске алышы керек.
Ошол эле учурда кеңешке уюштуруу документтерин, редакциялык саясатты бекитүү, финансы-чарба ишмердигин көзөмөлдөө, эксперттерди тартуу, телеканалдын жетекчисин шайлоо боюнча кыйла кеңири ыйгарым укуктар берилген.
Байкоочу кеңеш Президенттин, Жогорку Кеңештин жана жарандык коомдун квоталарынын эсебинен 4 жылга түзүлөт. Байкоочу кеңештин курамын жоюу телеканалдын ишине коомдук көзөмөл институтун жокко чыгарууга алып келет.
- Мыйзам долбоорунда Башкы директорду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Президент тарабынан дайындоо сунушталат.
Колдонуудагы мыйзамда бул кызматты Байкоочу кеңеш шайлайт. Бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс жарыяланып, квалификациялык талаптар коюлуп, берилген документтерге талдоо жүргүзүлүп, аңгемелешүү өткөрүлүп, талапкерлер боюнча өз-өзүнчө добуш берүү өткөрүлөт. Мындай жол менен бош кызмат ордун ээлөөгө бардык талапкерлер үчүн бирдей мүмкүнчүлүк берилет. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат берүү менен телеканалдын жетекчисин шайлоо маселесинде коомчулукка ачык болот.
Кызматка дайындоодо болсо ачыктык, талапкер, анын жөндөмдүүлүгү тууралуу маалыматка жекиликтүүлүк болбойт. Кызматка бирдей жетүү укугу принцибин камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жетекчинин кызмат ордуна талапкерге сунуштаманы Президентке кантип жибере тургандыгы да түшүнүксүз, себеби телеканал министрликтин түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелбейт. Ошол эле учурда дайындоонун мындай механизми бүтүндөй телеканалдын мындан аркы ишин, тактап айтканда, министрликтен жана башка мамлекеттик органдардан көз карандылыгын аныктайт.
Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде көрсөтүлгөн көйгөйлөр мыйзам долбоорунун өзүнүн мазмуну менен эч кандай түрдө чечилбейт. Алалы, маалымкат-негиздеменин баяндоо бөлүгүндө негизги көйгөйлөр катары КТРКны каржылоонун дал келбеген системасы көрсөтүлгөн. Маалымкат-негиздемеде башка мамлекеттик мекеме сыяктуу эле КТРК да министрликтер жана ведомстволор менен бирге ошол эле принциптер боюнча республикалык бюджеттен каржылана турганы айтылат. Беренелер боюнча катаал жөнгө салуу, бюджеттик секвестрлөө, башка беренелерди калдык принциби боюнча каржылоо, контентти сатып алууга каражаттын жоктугу, эмгек акысын жана гонорар төлөөнүн эскирген системасы – булардын баары корпорациянын ишин натыйжалуу жүргүзүүнү кыйындатууда. Бирок мыйзам долбоорунда КТРКны каржылоонун механизми өзгөрүүсүз калган – каржылоонун эч кандай кепилдиктери берилбестен республикалык бюджеттин эсебинен каржылана тургандыгы көрсөтүлгөн. Мындан улам мыйзамдын бул бөлүгүндөгү өзгөртүүлөр маалымкат-негиздемеде көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чече албайт.
Бүгүнкү күнгө чейин КТРК де-факто коомдук боло албай жатканы телеканалдын редакциялык саясатына кийлигише берген өлкө жетекчилигинин саясий эркинин жоктугунун көбүрөөк кабар берет.
Дал ошондуктан КТРК жөнүндө колдонуудагы мыйзам саясий бир тараптуулуктан коргоону камсыз кылган жана коомдук берүүнүн көз карандысыздыгын кепилдөө үчүн тийиштүү каржылоону караган түзөтүүлөргө муктаж. Европа берүүлөр союзунун изилдөөсү (2016-жылы) популярдуу, жакшы каржыланган коомдук берүүлөрү бар өлкөлөрдө оңчул экстремизм, коррупция азыраак болуп, сөз эркиндиги көбүрөөк экенин көрсөттү. Мамлекетте болуп жаткан окуялар жөнүндө ишенимдүү маалымат алууга жарандардын коомдук кызыкчылыгына зыян келтирүү менен бүтүндөй өлкөгө чыккан телеканалдын редакциялык саясатына чексиз саясий кийлигишүүнү мыйзамдаштыруу эмес, жакшы каржыланган жана күчтүү коомдук телеканал демократиянын көрсөткүчү болуп саналат.
Коомдук телерадиоберүү институту коомдо пикирлердин плюрализми болушу үчүн өлкөбүзгө, жаш демократиябызга өтө зарыл. Туруктуу өткөрүлүп турган шайлоо жана бийликти бөлүү, көз карандысыз сот, цензурага тыюу салуу жана менчиктин кол тийбестиги сыяктуу эле, коомдук телерадиоберүү да демократиянын ажырагыс атрибуту болуп саналат.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу медиа коомчулугу министрликтерге жана ведомстволорго жөнөтүлгөн “Кыргыз телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзам долбоорун чакыртып алуу зарыл деп эсептейт.
«Медиа Полиси Институту» КФ, «Журналисттер» КБ, «Журналисттик иликтөөлөр фонду», Кыргыз Республикасындагы Internews Network өкүлчүлүгү, Эльмира Токтогулова, Тынымгуль Эшиева, Динара Ошурахунова, Айсулуу Текимбаева, Нарын Айып, Центр Медиа Развития, «ПолитКлиника», Дилбар Алимова, Кайыргуль Урумканова, Медиашкола им. Т Турсуналиева, «Т-Медиа групп». Тизме толукталууда.