​Бишкек мэриясы кадрларынын ордун алмаштырды

  • 5 лет мурун

Бишкек мэриясында жаңы вице-мэрлер жана жооптуу кызматкерлер дайындалды. Бул тууралуу буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду.

Социалдык маселелер боюнча вице-мэр болуп Татьяна Кузнецова дайындалды. Ал Октябрь районунун акиминин орун басары болчу.

Максим Ситников вице-мэрликтен бошотулуп, Октябрь районунун акими болуп дайындалды.

Анын ордуна вице-мэр болуп Азизбек Алымкулов дайындалды. Ал эми мэрияда транспорт маселесин тейлейт. Азизбек Алымкулов мурда Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы болчу.

Шаар курулушу жана архитектура боюнча вице-мэр болуп Уланбек Азыгалиев дайындалды.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчылыгына Ренат Айтымбетов дайындалды. Ал Октябрь районунун акими болчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты