Зордук-зомбулук жасагандар жазасыз калууда

Көп учурда зордук-зомбулук көрсөтүү фактылары жазаланбай же жеңил жаза берилип калганы байкалууда. Төмөндө ошондой көрүнүш тууралуу сөз болот.     

-Он бир жылдан бери аябаганлай кыйноону башынан өткөрүп, далай ирет уруп сабагандан өлүп-тирилип келаткан бул келиндин “Сезим” кризистик борборуна үчүнчү ирет келиши. Үй-бүлөдөгү зомбулуктан убактылуу баш калкалоочу жайга биринчи жолу денесинде тамтык жок көк ала болуп  келгенде күйөөсү “экинчи мындай болбойт” деп ишендирип алып кеткен.

2022-жылдын апрель айында  кризистик борборго сегиз жашар кызы “апамды өлтүргөн жатат” деп чырылдап чалганда кызматкерлер милициянын коштоосу менен барып алып келишкен. Таяктын уусунан баш көтөрө албай солуп жаткан келинди өзүнө келтирүүгө кыйла убакыт да, медициналык жардам да көп талап кылынды.

Чүй облусунун Аламүдун райондук соту ошондо келиндин абалы оор экени көрүнүп турса да “денесине жеңил жаракат келтирилген” деген чечим чыгарып, күйөөсүнө 40 күндүк кара жумуш жаслл айыбын салган.

Апасы менен кошо келген балдары балдарды коргоо уюмуна жайгаштырылып, аздап калыбына келе башташканда чоң муштум күйөөсү дагы пайда болду. Бул жолу балдарды алдап алып чыгып, машинеге салып, анан апасына телефон чалды: ”Азыр мында келбесең балдарыңды жардан ары учуруп өлтүрөм!” деп.

Эне кургур чыдабай жетип барса, машине чындап эле шаардын четиндеги  “Панорама” аттуу жерде “асылган” бойдон туруптур. “Акебай, сиз айткандай болсун, балдарды өлтүрө көрбө, өлсөм мен өлөйүн, балдарда эмне күнөө!”  деп бутуна жыгылып, ыйлап, араңдан зорго  токтоткон.

Андан кийин даана тозок башталды. “Сен мени сотко бердиң, 40 саат эми өзүң иштейсиң, жерди тилиң менен шыпырасың” деп, темир такта менен башка  чаап, эсин оодарып, жатып калса  бетине заара кылып, балдары чырылдап ортого түшсө  баласынын оозун жырып, кызын дубалга уруп… көрбөгөнүн көр кылды.  Таяктын уусунан келиндин бир кулагы укпай калган.

“Сезим” борбору бул жолу Баш прокурорго арыз менен кайрылып, узакка созулган бул кыйноолор  кылмыш кодексинин 138-беренесине туура келээрин, ошого жараша жаза чектөө өтүнүчүн жолдоду. Арыз Аламүдүн райондук прокуратурасына жөнөтүлүп, жабырлануучуну борбордун директору Б. Рыскулова  өзү коштоп барды.

Аларды кабыл алган прокурор айымдын алдында кырк мүнөт буркурап ыйлап отуруп абалын айткан келиндин  кордугун жүрөгү бар адам чыдап уга алмак эмес. Бирок… бул жолу да баягы эле денеге жеңил залал келтирилген деген берене коюлуп,  “мамлекеттин (?) пайдасына 50 миң сом,  зөөкүрдүн өзүнө 100 күн кара жумуш айып чегерилди.

Жабырлануучунун денесинде таяктын изи калбаган жери жок экенин тастыктаган сүрөттөрдү көрсөтсө да, кыйноого күбө болгон балдардын көрсөтмөлөрү иште тиркелип  турса да, адвокат тиешелүү далилдерди келтирип, узак убакыттан бери келаткан тири укмуштай уруп-сабоонун айынан жабыркаган келиндин ден соолугу бузулуп, өзүнүн жана чиедей үч баласынын өмүрү ар дайым коркунучта болуп келгенин далилдеген материалдар 138-беренеге  “азапка салып кыйноого” туура келип турса да,  136- берене коюлду.

Бул — зөөкүрдү жемелемиш болуп тим болгондой эле жаза экенин баары эле тушунуп турушат. 100 сааттык жумушту кайсы бир мекемеге сүйлөшүп жаздырып алса болот же көчөдө жалданма жумушчуларга акы төлөп кутулса болот. Бул андан аркы турмушка зыянын эле тийгизбесе жакшылык алып келе турган же зөөкүрдү тарбиялап жибере турган чара деле эмес.

Укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлеринин зомбулукка дуушар болуп, эзүүдө калган  кайдыгер мамилесине мыйзамдуулукту көзөмөлдөй турган жогорку органдар тарабынан тиешелүу баа берилет деген ишенимдебиз .

Мамлекеттик бийлик органдарынан жардам күтүп жаткан бул эне балдардын үмүтү азырынча  акталбай, коргоо таппай жатканы өкүндүрөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты