Баткендеги бала бакчалар текшерилди

  • 2 года мурун

Баткен облусундагы бала бакчалар текшерилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасынын негизинде Баткен облусундагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча жыйындар өткөрүлүүдө.

«Райондук билим берүү бөлүмүнүн аймактык кураторлору, санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте бала бакчаларда тамак-аштын берилиши жана сапаты, жугуштуу ооруларды алдын алуу, жылуулуктун абалы боюнча текшерүү жүргүзүштү.

Ар бир мекеменин кызматкерлеринин катышуусунда жыйындар өткөрүлүп, бала бакчаларда балдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоону уюштуруу боюнча нускаманы билүүгө жана аткарууга милдеттүү болуп санаалары эске салынды», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты