«Сезим» кризистик борборуна аткаруучу директор дайындалды

  • 1 неделя мурун

“Сезим” кризистик борборуна Назира Турарова аткаруучу директор болуп дайындалганын аталган борбор сайтында жарыя кылды.

“Назира Турарова көп жылдык тажрыйбага ээ, буга чейин аралык уюмдарда иштеп, жарандык коомду куруу жана бекемдөө, социалдык адилеттүүлүк үчүн күрөшүү багытында эмгектенген. Анын көз карашы жана лидерлик сапаттары уюмдун ишмердигин чыңдоого жана «Сезим» кризистик Борборунун мындан ары өнүгүшүнө багытталган жаңы долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болот” деп айтылат маалыматта.  .

Жаңы аткаруучу директор менен бирге уюмдун негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси Бүбүсара Рыскулова «Сезим» кризистик борборунун ардактуу президенти катары өз ишин улантат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты