Кризистик борборлор каражатка муктаж болууда
- 4 недели мурун
Кризистик борборлордун жетекчилери колдоого муктаж экенин ачыкташты. Алар айрым кризистик борборлор өз имараты жок ижарада отургандыктан жабылуу алдында турганын маалымдады.
Бул тууралуу 17-февралда «Кризистик борборлор: колдоо, коргоо, жаңы жашоо” деген аталышта Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форумунда айтылганын парламенттик сайт жазды.
Форумга депутат айымдар, кризистик борборлордун жетекчилери, каржы министрлигинин, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, УКМК, ИИМ өкүлдөрү, акыйкатчы, балдардын жана аялдардын укуктарын коргоочу уюмдарынан катышты.
Форумда депутаттар Гуля Кожокулова, Камила Талиева статистикага таянып, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күчөп жатканын белгилеп, ага каршы күрөшүүдө алгылыктуу иш алып баруу зарылдыгына токтолушту.
Форумда кризистик борборлордун жетекчилери өз ишмердиктери тууралуу баяндама жасап, ар тараптуу колдоого муктаж экенин ачыкташты. Алар айрым кризистик борборлор өз имараты жок ижарада отургандыктан, жабылуу алдында турганын маалымдады. Депутат Айсулуу Мамашова да үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүүдө кризистик борборлордун маанилүүлүгүн белгилеп, бирок мындай көмөкчү уюмдарда учурда каржы маселеси курч болуп жатканын билдирди.
Ал эми эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү билдиргендей, быйыл 115 млн сом каралган. Ал кризистик борборлор тарабынан сунушталган долбоорлор каржыланарын кошумчалады.
Форум катышуучулары коомчулуктагы көйгөй болуп жаткан үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча бир катар сунуштарын беришти.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан