Зомбулуктан жабыркаган аялдар үчүн мамлекеттик борбор ачылды

Бүгүн, 24-майда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы “Гендердик зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана кыздарга жардам берүүчү “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик борборунун ачылышы өттү.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

“Бул борбордун максаты — зордук-зомбулуктан жапа чеккен кыз-келиндер үчүн зарыл болгон жардамга жетүүнү жеңилдетүү жана колдоо. Борбордо медициналык, консультациялык, юридикалык, психологиялык жана социалдык кызматтарды бириктирген квалификациялуу адистер иштейт. Бул жерден тергөө иштерине жардам алууга болот» деди министр Гүлнара Баатырова.


 

Маалыматта айтылгандай, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн «Бирдиктүү терезе» Gizella эл аралык күзгүсү, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жабырлануучуларга ыңгайлуу бөлмөлөр, медициналык текшерүү жана психологиялык колдоо көрсөтүү бөлмөлөрү, тергөө үчүн атайын жабдуулары бар соттук-медициналык кабинеттер менен жабдылган.

Аталган борбор ченемдик-укуктук актыларга кол коюлгандан кийин пайдаланууга берилет.

Аталган иш-чарага Жогорку Кеңеш депутаттары, АКШнын жана Япониянын элчилери, Улуу Британия, Катар элчиликтеринин өкүлдөрү, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Аталган борбор Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (UNODC) менен АКШнын мамлекеттик департаментинин эл аралык баңгизаттар жана укук коргоо иштери боюнча бюросунун (INL) колдоосу менен ремонт иштери жүргүзүлдү.

Борбор атайын жабдуулар менен камсыздалган, анын ичинде жабырлануучуларга атайын алар үчүн каралган ыңгайлуу тергөө бөлмөлөрү, медициналык экспертизалар, психологиялык колдоо көрсөтүүчү жайлар жана соттук-медициналык экспертиза бөлмөлөрү бар.

Зомбулуктан жабыркаган аялдар үчүн мамлекеттик борбор ачылды
Зомбулуктан жабыркаган аялдар үчүн мамлекеттик борбор ачылды
Зомбулуктан жабыркаган аялдар үчүн мамлекеттик борбор ачылды
Зомбулуктан жабыркаган аялдар үчүн мамлекеттик борбор ачылды

Сүрөт: Эмгек министрлиги

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты