Жылдыз Полотова эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

  • 2 месяца мурун

Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жылдыз Полотованын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

Жылдыз Полотова мурда социалдык камсыздоо министринин орун басары болуп иштеген.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Баатырова Гүлнара башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты