Алмаз Имангазиев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Алмаз Имангазиев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Алмаз Имангазиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду.
Сүрөттө: Алмаз Имангазиев
Муну бөлүшүү




