Жусуп Абдрахманов. Эгемендүүлүк пайдубалын түптөгөн

Бүгүн, 21-декабрда, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз эл Баатыры Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Жусуп Абдрахмановдун жашоосу жана ишмердүүлүгүнө арналган кыргыз, орус жана англис тилдериндеги жаңы эмгектердин көргөзмөсү менен таанышты.

Иш-чаранын катышуучуларына Жусуп Абдрахмановдун ишмердүүлүгү тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, «Таазим» театралдык прологу коюлду. 

Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, анда Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруудагы жана чыңдоодогу, бүгүнкү эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөөдөгү ролун өзгөчө белгиледи.

Иш-чара концерттик программа менен уланды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты