Журналисттерге кол салуу кандай жагдайларда болот? Талдайбыз

2023-жылы иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков ишмердүүлүгүн аткаруу учурунда кол салууга дуушар болгон. Ага “Ош” пансионатынын мурунку жетекчиси кол көтөрүп, журналистти жаакка чапканга үлгүргөн. Коомчулук бул окуяны кескин сындап, кол көтөргөн адамды жазалоону талап кылган. 

Кыргызстанда 2020-жылдын башынан 2024-жылдын сентябрь айы ортосунда журналисттерге карата 25 кол көтөрүү, сабоо фактысы катталган. Ал тургай, укук коргоо органдарынын кызматкерлери журналисттерге карата ок аткан учур да болгон. Келгиле, журналисттер кайсы учурда кандай зомбулукка кабылышат, карап көрөлү.

Биз карап жаткан аралык ичинде журналисттерге карата 25 кол көтөрүү, сабоо же сабоо аракети катталса, алардын жарымы 2020-жылга туура келет. Бул жыл Кыргызстан үчүн оор жыл болуп, карантин жана узактан иштөө сырткары, коррупцияга каршы митингдердин, парламенттик шайлоо жана бийлик алмашуу менен эсте калат. Журналисттерге болгон кол көтөрүүлөрдүн көбү дал ушул массалык нааразычылыктарды чагылдыруу учурунда болгон.
Жылдын башында эле, белгилүү фактчекер, иликтөөчү журналист Болот Темировду белгисиз адамдар сабап кеткен. Жыйнтыгында ал бир канча жаракат алып, милицияга арыз жазган. Журналист бул окуяны өзүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштырып, кол салууга Райим Матраимовдун тешеси бар болушу мүмкүн экендигин жазып чыккан.

2020-жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоо дайындалган. Бул чоң саясий окуяны журналситтердин көбү чагылдырууга аракет кылышкан. Чагылдыруу учурунда өлкөнүн региондорунда журналисттерге кол салуулар катталган. Мисалы, “Азаттык” радиосунун журналисти Айгерим Акылбекова Талас шаарындагы шайлоо тилкелеринин биринде кол салууга дуушар болгон. Кол салгандар журналисттен эфирди өчүрүүнү талап кылып, камераны талкалаганга аракет жасашкан. 

Ушундай эле жагдай Ош шаарында да катталган. “Клооп” басылмасынын журналисти Хамидулло Узаковду белгисиз адам уруп, анын жанындагы оператордун телефонун уурдап кеткен. Милиция кол салган адамды журналисттер экинчи жолу кайрылгандан соң гана кармаган.

Ал эми 5-6-октябрда орун алган митингдер учурунда да журналисттерге кол салуулар көп катталган. “24.кж” басылмасынын журналисти Элдос Казыбеков 5-октябрь күнү кечке маал митингди чагылдырып жаткан учурда милиция кызматкерлери ага карата таш ыргытышкан. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери “Настоящее время” редакциясынын журналисти Айбол Кожомуратовду көздөй ок аткан. Бактыга жараша, ок журналистке тийген эмес.

Биздин анализге ылайык, кол көтөрүү же физикалык зомбулук көрсөтүү фактылары көпчүлүгү кесиптик милдеттерди аткаруу учурунда болгон.

Жогоркуда көрсөтүлгөндөй, кол салуулар митингдерди чагылдырууда көп катталат. Бирок, айрым учурларда интервью урунда да кол салгандар болгон. Мисалы, “Зоболо” редакциясынын редактору Самара Босумбаевага Сокулук райондук администрациясынын кызматкерлери кол салып, журналисттин колун сындырышкан. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери чакырылган. Бирок, укук коргоо кызматкерлери журналистке жардам бербестен, райондук администрацияны коргоп калышкан.Буга чейин кыргызстандык жана дүйнөлүк медиакоомчулук журналисттерди коргоону жана аларга карата болгон кылмыш аракеттерди тыкан иликтөөгө чакырган. Артикль 19 эл аралык уюму Кыргызстандагы журналисттерге митингдерди чагылдыруу учурунда алардын коопсуздугун сактоого жана мааыламат алуу укугун толук сакталышына чакырган.

«Биз Кыргызстандагы окуяларга кылдат көз салып турабыз жана 4-октябрдагы шайлоонун контекстинде өлкөдөгү журналисттердин коопсуздугуна жана алардын сөз жана маалымат эркиндигине болгон укуктарына терең тынчсызданабыз. Сапаттуу маалыматка жетүү коомго туура чечим чыгарууга жана өлкөнүн келечектеги жолун аныктоого муктаж болгон учурларда да өтө маанилүү», — деп айтылган 2020-жылдагы окуяларга байланыштуу кайрылуусунда.

Ошондой эле, жергиликтүү медиа коомчулук да журналистткерге карата болгон зордук-зомбулук фактыларын кылдат иликтеп, журналисттерге карата мыйзамсыз иш-аракеттерди токтотууга чакырган.

Кыргызстан эмне үчүн журналисттердин укугун сакташы керек?

Бириккен Улуттар Уюмунун Универсалдык Мезгилдик Обзору Кыргызстан журналисттердин коопсуздугун камсыздоо жана ой-пикир билдирүү эркиндигин коргоо боюнча чечкиндүү чараларды көрүшү керектигин бир нече жолу белгилеген. Франция, Швейцария, Австрия, Тунис жана Литва сыяктуу өлкөлөр Кыргызстанга ЖМКлардын эркиндигин камсыз кылууну, «Журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө» мыйзамды аткарууну жана сөз эркиндигине негизсиз чектөөлөрдү болтурбоону сунушташкан. Ошондой эле, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу басма сөз эркиндигин коргоону күчөтүү сунушталган.

Ошондой эле, Кыргызстанда абалды жакшыртуу үчүн өлкө мыйзамдык базаны чыңдап гана тим болбостон, анын толук аткарылышын камсыз кылышы керек. 

Өлкө Универсалдык Мезгилдик Обзорунун сунуштарын толук ишке ашырып, журналисттерди коргоо механизмдерин түзүшү, иликтөөлөрдүн ачык-айкындуулугун камсыздоосу жана ой-пикир билдирүү эркиндигине болгон коркунучтарды жок кылышы зарыл. Мамлекет, жарандык коом жана эл аралык өнөктөштөр биргеликте аракет кылганда гана кыргызстандык журналисттер коопсуз шартта иш алып барууга мүмкүнчүлүк алышат.

Журналисттер коомго так жана өз убагында маалымат жеткирүүдө маанилүү ролду ойношот. Бирок аларга карата зомбулукту колдонуу коркунучтуу кесепеттерге алып келет. Бул сөз эркиндигин басмырлап, журналисттердин айрым темаларды чагылдыруудан баш тартуусуна себеп болот. Ошондой эле, коомчулуктун маанилүү маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн чектейт. Андан тышкары, кылмышкерлердин жазасыз калышы абалды андан ары начарлатып, зомбулуктун уланышына өбөлгө түзөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты