Журналисттер Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбековдун иши Жогорку сотто каралат
- 2 месяца мурун
Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы жана акын Азамат Ишенбековдун иши Жогорку сотто карала турган болду. Бул тууралуу Ишенбековдун жактоочусу Нурсултан Жаныбеков “ПолитКлиника” медиасына билдирди.
Жактоочунун айтымында, соттук отурум 25-февраль саат 10:30га белгиленди.
Эске салсак, 2024-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.
Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбеков — Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) боюнча жапырт кармалган 11 журналисттин бири. Ленин райондук соту журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарып, калган журналисттерди — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбековду актоо чечимин чыгарган.