Журналист Ыдырыс Исаковго ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканда кол көтөрүлдү

Эркин журналист Ыдырыс Исаковго ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканда кол көтөрүлдү.

Журналист өз баракчасында бул инцидент Ош пансионатынын мүлкүн менчиктештирүү боюнча материал жасалып жатканда болгонун билдирди.

Ыдырыс Исаковду чаап жиберген киши «Ош» пансионатынын мурдагы директору Маматкарим Койчукулов. Ал журналисттин күбөлүгүн талап кылып, аны тасмага тартууга акысы жок экенин айтуула.

Ыдырыс Исаков бир нече жыл “Азаттык” үналгысында иштеп, иликтөөлөрдү жарыялап келген. 2019-жылы  өз алдынча кетип, жеке Ютуб каналын ачкан. Анын каналынын 426 миң катталуучусу бар.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты