Журналист Кундуз Жолдубаева Биринчи май райондук ИИБде сурак берип чыкты

  • 5 месяцев мурун

«Арча Медианын» журналисти Кундуз Жолдубаева Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) тергөөчүсүнө сурак берип чыкты. Ал депутат Надира Нарматованын ИИМге жазган арызы боюнча сотко чейинки иликтөө боюнча суракта болгонун айтты.

Депутат Надира Нарматова «Арча Медианын» алып баруучусу Кундуз Жолдубаеваны жана «Айт-айт десе» жана «Темиров лайв» долбоорлорунун менеджери Махабат Тажибек кызы боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековго 17-ноябрда кадыр-баркына шек келтирген берүүлөрдү дайыма эфирге чыгарып келет деп арыз менен кайрылган. Депутат Нарматова “Арча-медиа” Ютуб каналынын “Чиновниктердин жана депутаттардын кимисинин Матраимовдун жана Көлбаевдин мафиясына тиешеси бар?” аттуу эфирде Кундуз Жолдубаева алып баруучу,  анын мейманы болгон “Айт-айт десе” жана “Темиров лайв” долбоорлорунун менеджери Махабат Тажибек кызынын үстүнөн арызданган.

Иш жүзүндө андай болгон эместигин Кундуз Жолдубаева билдирди. Берүүдө мыйзамсыз билдирүүлөр болгон эмес жана бул сөз эркиндигине болгон кезектеги кысым экенин белгиледи.

«Айт-айт десе» жана «Темиров лайв» долбоорлорунун менеджери, иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы учурда ишине байланыштуу чет өлкөдө конференцияда болгондутан суракка барган эместиги айтылды.

Сүрөттө: Кундуз Жолдубаева

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты