Журналист Азият Жекшеев сотко чакырылганын билдирди

  • 3 месяца мурун

Журналист Азият Жекшеев Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна чакырылганын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

-Жакында чакыруу алдым. Айтмакчы, бул иш боюнча көп жыл мурун эки ирет жеңип алганбыз. Кызык, бул жолу эмне болду экен? Эч нерсе таппаганда, эскини козгоп жаткандый сезим калтырат,-деп жазды Жекшеев.

“Мен “ТВ Кайгуул” программасында иштеп жүргөндө бир адам “автордук укук бузуу” боюнча мени сотко берген. Александр Паленый деген кишинин жол эрежесин бузганы тууралуу видеосун авторун көрсөтүп туруп программага чыгаргам. Ал “менин видеомду авторду белгилебей чыгарган” деп 2-3 жолу сотко берип, утулган. Иш эмнегедир кайра карала баштаптыр” деди ал «Азаттыкка».

Сүрөт: Азият Жекшеевдин Фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты