Жумгалда дайынсыз болгон жарандар изделүүдө
- 1 год мурун
Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Өрнөк айылынын 49 жаштагы К.Б . жана 9 жаштагы С.Б. аттуу тургундарын издөө иши өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тарабынан 19-октябрдан бери жүрүүдө.
ӨКМдин маалыматына ылайык, бүгүн, 27-октябрда, аймакка ӨКМдин төрт куткаруучусу, ИИМден он кызматкерлер, жергиликтүү тургундардан издөөгө он төрт киши чыкты.
Аталган жарандар 16-октябрь күнү мал кайтарууга жайлоого кетишкен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112» номерине 19-октябрь күнү кабарланган.
Куткаруучулар маалымат түшкөн күндөн тартып ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерине көмөктөшүп, издөө ишин жүргүзүп жатышат. Тилекке каршы азырынча натыйжа боло элек.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




