ЖОЖ: Абитуриенттерге гранттык негизде 608 бош орун бар

  • 2 года мурун

Абитуриенттер үчүн, бүгүн,  10-августта, саат 14:00гө чейин жүргүзүлө турган IV турда гранттык негизде – 608, келишимдик негизде – 66321 бош орун бар.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди.  

Маалыматка ылайык, жогорку окуу жайларга кабыл алуу сынагынын I туру 18-июлда , II тур 25-июлдан 27-июлга чейин өттү. Ал эми III тур 1-августта башталып, 3-августта аяктады.

III турда пландалган 1059 бюджеттик орунга 2108 абитуриент, келишимдик негиздеги 69120 орунга 4809 абитуриент тапшырды.

ЖОЖдор гранттык негизде кабыл алууга 663, келишимдик негизде 3827 абитурентти кабыл алууга сунуштады. 6-август күнү саат 16:00гө карата тандалган жогорку окуу жайында тармагы/адистиги боюнча гранттык негизде окууну 491 абитуриент, келишимдик негизде окууну 3827 абитурент  тастыктады.

Белгилей кетсек, төртүнчү турга карата гранттык орундардын 87,3% жана келишимдик орундардын 20,14%ы пайдаланылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты