Жоодар Бузумов, Сапар Акунбеков, Сайпидин Султаналиев эки айга камалды

  • 4 месяца мурун

Мурда Temirov Live плтаформасында иштеп кеткен Жоодар Бузумов, Сапар Акунбеков, Сайпидин Султаналиев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 17-январда 13-мартка чейин камакка алынды.

Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бүгүн, 17-январда чыгарды.

Тemirov Live жана «Айт-Айт-Десе» долбоорлорунун директору, иликтөөчү журналист Боло Темировдун өмүрлүк жубайы Махабат Тажибек кызы, «ПолитКлиника» медиасынын кабарчысы Тыныстан Асыпбеков эки айга камалганы белгилүү болгон.

Соттун чечими менен Temirov Live жана «Айт-Айт-Десе» долбоорлорунун директору, иликтөөчү журналист Болот Темировдун өмүрлүк жолдошу Махабат Тажибек кызы эки айга камалды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камак жайына 48 саатка камалган журналисттердин баш коргоо чарасы каралганы жатат. Убактылуу камалгандарды сотко алып келишти.

Убактылуу жайга Temirov Live, «Айт Айт Десе», «ПолитКлиника» жана «Арча медиа» басылмаларынан 11 журналист 48 саатка камалган. Алар  Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева, Акыл Орозбеков

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 16-январда, көз карандысыз бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, суракка алынып барышы боюнча маалымат таратты.

12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык,  “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери  бар деп аныкталган. 

Журналисттер 278-берененин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелүүдө. Бул берене боюнча жаза 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

«ПолитКлиника» медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбек уулунун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, аны ИИМдин тергөө башкармалыгына суракка алып кетишкен. Тыныстан Асыпбек уулу жапырт башаламандыкка чакырык боюнча кылмыш ишине шеектелип жатат.

Кармалган 11 журналисттин баарынын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. ИИМ айыпталуучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда документтер, уюлдук телефондор, фотораппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык жабдуулар жана банктык карталар табылгандыгын билдирди. Жалпысынан 162 буюм алынгандыгы маалымдалды.

Кармалгандар аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтып жатышат.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты