Жоломан Шаршенбеков дүйнө чемпиону болду  

Сербияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде кыргызстандык спортчу Жоломан Шаршенбеков дүйнө чемпиону болду.

Жоломан Шаршенбеков  грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмакта ат салышып, финалдык беттеште болгариялык спортчу Эдмонд Армен Назарянды жеңип алып, дүйнө чемпионунун наамына татыктуу болду.

Бул – кыргызстандык спортчулардын үчүнчү медалы. Буга чейин Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болгон, Амантур Исмаилов коло медаль жеңип алган.  

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты