Жолдун тайгалактыгынан 300гө жакын киши медициналык жардам алууга кайрылды    

  • 4 недели мурун

Спорттук-реабилитациялык борбордун жаракаттар пунктунун маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1–19-январь аралыгында жолдун тайгалактыгынан алынган жаракаттар менен 295 адам медициналык жардам алууга кайрылды.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.   

1–19-январда жол тайгактын кесепетинен алынган жаракаттар менен 295 адам медициналык жардам алууга кайрылган 295 кишинин 227 сынык диагнозу коюлуп, дагы 68 кишинин жаракаты көгала жана чоюлуп кетүүлөргө байланыштуу болгон. Сынык менен кайрылган бейтаптарга гипс салынган.

Медициналык адистердин айтымында, жаракат алуунун негизги себеби — тайгак тротуарларда, тепкичтерде жана жөө өтмөктөрдө жыгылуу. Ушуга байланыштуу жарандарга тайгак жолдо жүрүүдө өзгөчө сак болуу сунушталат.

Тайгак жерде жүргөндө шашылбоо жана кескин кыймылдарды жасабоо керек. Басканда буттар тизеден бир аз бүгүлүп, дене алдыга бир аз эңкейип турушу керек. Тайгакта колду чөнтөккө салып жүрүү кооптуу, анткени жыгылган учурда тең салмакты сактоого тоскоол болот. Улгайган адамдарга учунда резина бар таяк колдонуу сунушталат.

Мүмкүн болушунча жолдун автоунаа жүрүүчү бөлүгүнөн алыс карманып, имараттардын дубалдарына жакын өтүүдөн сактануу керек, анткени чатырлардан муз түшүү ыктымалдуулугу бар. Жолдон өтүүдө өзгөчө этият болуп, жалаң гана жөө өтмөктөр аркылуу өтүү зарыл.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты