Жолду булгагандыгы үчүн курулуш компаниялар жоопкерчиликке тартылды
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы Бишкек -«Манас» эл аралык аэропортуна кеткен трассанын (Васильевс тракты) боюндагы инфраструктуралык объекттердин курулушу учурунда жолдун санитардык абалынын сакталышына көзөмөл жүргүзүүдө.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө курулуш иштерине тартылган техника тарабынан топуракты жолдун ортосуна чыгарып койгон фактылары аныкталды.
«МЭНС» ЖЧКсы компаниясынын курулуш аянтчасында дөңгөлөк жуучу пункт өз багыты боюнча колдонулган эмес. Буга чейин берилген көрктөндүрүү эрежелерин сактоо тууралуу талап белгиленген мөөнөттө аткарылган жок. Ушуга байланыштуу компанияга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлдү. Мындан тышкары, жолдун булганышын алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында участокту бетон менен каптоо боюнча кайрадан талап коюлду.
«Манас Моторс» ЖЧК компаниясынын объектисинде дөңгөлөк жуучу пункт Компанияга үч күндүн ичинде эстакада орнотуу талабы коюлду.
Муниципалдык инспекция бардык курулуш компаниялары курулуш аянтчаларынан чыккан жерлердин жана ага чектеш аймактардын тазалыгын туруктуу негизде камсыз кылууга милдеттүү экенин эскертет.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




