“Жолдордун абалы бул негизги көрсөткүчтөрдүн бири”. Жол чарба кызматкерлерин куттуктоо

  • 7 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Жолдордун абалы бул мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп эсептелет. Сиздердин чаалыкпас эмгегиңиздер менен Ош – Бишкек, Ош – Сары-Таш – Эркечтам, Эркечтам – Карамык, Бишкек – Нарын – Торугарт, Талас – Тараз – Суусамыр жана башка транспорттук коридорлор курулуп, пайдаланууга берилгенин баса белгилеп кетүү зарыл” деп айтылат куттуктоодо.

“Бүгүнкү күндө эгемен Кыргызстандын тарыхында мамлекеттик бюджеттин эсебинен Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду, Нарын – Баетов, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка, Ош – Баткен – Раззаков, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолдору курулууда.

Ошондой эле, инвестициялык долбоорлордун эсебинен Бишкек-Ош унаа жолунун Жалал-Абад – Маданият тилкеси, Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолу, Түп – Кеген жана Корумду – Балбай баатыр автожолдорунун курулушу ишке ашырылып жатат.

Өлкөбүздүн жол инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган ак ниет эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем” деди мамлекет башчы.  

Сүрөттө: Ош-Бишкек жолу. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты