Жол кырсыгынан жабыркагандар ооруканага жетпей көз жумган

  • 3 года мурун

Талас районунун Чат-Базар айылында 17-декабрда, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунда Mercedes Benz үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу жол четиндеги тосмону сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 2 киши (2007-жылы туулган Б у Б., 2007-жылы туулган И.Ж. ) жабыркаган. Куткаруучулар кыпчылып калган жарандарды чыгарган. Жабыркагандар ооруканага жетпей, «Тез жардам» кызматынын унаасында каза болгон.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты