Шекер айылында “Айтматов ааламы” комплекси ачылды
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар, Фоторепортаж
Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, “Айтматов ааламы” маданий—мемориалдык комплексинин ачылышына катышты.
Иш-чара улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени — Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында өттү.
“Ал эми бүгүнкү кыргыз элинин руханий дүйнөсү үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон “Айтматов ааламы” тарыхый-маданий мемориалдык комплексинин ачылышы – аалам сыйлаган Айтматовдун кичи Мекенин эле эмес, жалпы Кыргызстанды тааныта турган дагы бир маанилүү долбоор болуп калмакчы. Дүйнө жүзү Кыргызстанды эң алды ак калпак кыргыз эли, ак мөңгүлүү Ала-Тоосу менен тааныйт. Ошону менен бирге, көлөмү жана көркөмдүгү теңдешсиз “Манас” дастаны жана залкар жазуучу Айтматов аркылуу билет” деди президент Садыр Жапаров.
Дүйнө өлкөлөрүндө улуу ойчулдун атын көчөлөргө, парктарга ыйгарып жаткан маалда, анын кичи Мекенинде мындай комплекстин курулушу – улуттук ар-намыстын маселеси.
-Мына ушул өңүттөн алганда, “Айтматов ааламынын” дал Талас жергесинде, Шекер айылында ачылышы ары символикалуу мааниге ээ. Анткени “Ааламга кетчү жол айылдан башталат” деген терең ойду дагы бир ирет ырастап турат. Ага жараша дүйнө талкууга алып, Айтматовдун каармандары ойдон чыгарылбаган, ушул чөлкөмдөгү реалдуу жашаган адамдар экенин дал ушул “Айтматов ааламы” таанытат.
Чыңгыз агабыз ар кыл каармандары аркылуу таасын сүрөттөгөн адамдык абийир, тарыхый эс тутум, эне тил, мекенге болгон жоопкерчилик сыяктуу түшүнүктөр бүгүн да актуалдуу. Ал тургай, дүйнө өзгөрүп, жаңы технологиялар жашообуздун бардык тармагына кирип жаткан тапта Айтматов туюндурган баалуулуктарга дүйнө суусап турат. Чындыгында эле илимий технология адамдын мүмкүнчүлүгүн кеңейткени менен анын ким экенин руханий дүйнөсү аныктайт эмеспи, деди Садыр Жапаров.
Улуу кыргыз ойчулунун 100 жылдык маарекесин татыктуу белгилөө үчүн эртелеп атайын жарлык кабыл алдым. Бул багытта Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы да бекитилип, Уюштуруу комитети ишин баштады.







