Талас шаарына 30 электробус тапшырылды
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарына арналган 30 заманбап электробустун ачкычтарын тапшыруу аземине катышты.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Электробустарды кубаттоо станциялары жеткирилди. Аларды орнотуу жана электробустарды токтотуу үчүн “Талас автобекети” мекемесинин аймагында атайын жайлар даярдалды.
Учурда Талас шаарынын ичинде, ошондой эле шаарга жакын жайгашкан айылдарга жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жаңы каттамдардын схемалары жана жүрүү графиктери иштелип чыгууда.
Муну бөлүшүү




