Жол кырсыгы: Бир аял каза болуп, үчөө жаракат алды
- 2 месяца мурун
Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 36-чакырымындагы жол кырсыгынан бир аял каза тапты жана үч киши жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Болжолдуу маалымат боюнча, Hyundai Solaris унаасынын айдоочусу жолдон чыгып кетип даракты сүзүп алган. Андагы кырсыктан аял каза таап, эки аял жана секелек кыз жаракат алган.
Куткаруу иштерине ӨКМдин Ысык-Ата райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жиберилген.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




