Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги сессиясы ачылды
- 3 года мурун
Бүгүн, 1-сентябрда, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги сессиясы ачылды.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов сессияны ачык деп жарыялап, андан соң Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни жаңырды.
Белгилей кетсек, Конституциянын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин регламентинин 34-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин сессиялары сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин жүргүзүлөт.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү