Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары шайланды
- 2 года мурун
Бир мандаттуу Жайыл шайлоо округунан депутат Нурланбек Азыгалиев Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Бүгүн, 12-октябрда, Нурланбек Азыгалиевдин талапкерлигин жактап, 81 депутат добуш берди, каршылар болгон жок.
Буга чейин парламент төрагасынын орун басары болуп келген Улан Примов бул кызматтан кетти.
Сүрөт: Видеодон алынды.
Муну бөлүшүү