Жогорку Кеңештин төрагасы Тургунбек уулуна КМУУнун “ардактуу профессору” наамы ыйгарылды
- 3 недели мурун
20-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында маалымдалды.
Университеттин ректору Догдурбек Чонтоев 100 жылдык тарыхка ээ окуу жайды өнүктүрүү багытындагы демилгени төрага Нурланбек Тургунбек уулу колдоп келе жатканын белгилеп, көрсөтүлгөн жардамдар билим берүүнүн сапатын көтөрүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады.
Ошондой эле төрагага окуу жайдын маарекелик медалын ыйгарды.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү




