Жогорку Кеңештин төрагасы Кыргызстан санарип маселесинде артта калганын айтты
- 1 год мурун
Бүгүн, 16-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан санарип маселесинде кыйла артта калып жатканын билдирди.
“Азыр бүткүл дүйнө жүзү санарип кызматтарын өнүктүрүп жаткан маалда биздики абдан жай болуп жатат. Андыктан, аталган жагдайды негизги маселелердин бири катары карап, өлкөбүздө санариптештирүү кандай жүргүзүлүп жатканын, борбордо жана аймактардагы санариптештирүүгө байланышкан абал кандай экенин талкуулап, чечим кабыл алышыбыз керек”, – деди төрага.
Ошондой эле Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ишине көпчүлүк жарандар, анын ичинен депутаттар да нааразы экенин айткан Нурланбек Тургунбек уулу жакынкы күндөрү аталган маселе парламентте караларын маалымдады.
Муну бөлүшүү




