Жогорку Кеңештин төрагасы фамилиясын өзгөрттү
- 4 недели мурун
Бүгүн, 13-январда, Жогорку Кеңештин төрагасы өз фамилиясын “Тургунбек уулу Нурланбек” деп өзгөртүп, тиешелүү документтерин алды.
Төрага социалдык тармактагы баракчасында өз чечими тууралуу мындай деп түшүндүрмө берди:
«Мен Тургунбектин уулумун! Мен кыргыздын уулумун! Ооба, мындай чечимге кечээ же бүгүн эле келе калган жокмун. Көптөн берки кыялым эле. Анткени бир адамдын тагдыры сыяктуу эле, бир улуттун да тагдыры болот. Айрым учурда зоболосу артып, даңкы дүйнөнү таңдандырса, кээде мойнуна жүгөн салынып, башкалардын жетегинде калат. Тилекке каршы, ошол учурда улуттун өзгөчөлүктөрү унут калтырылып, өзөгү талкаланган тагдырга туш келет. Мындай кыйын кырдаалды жер шарындагы башка элдер сыяктуу кыргыздар да башыбыздан өткөргөнүбүздү жашыра албайбыз. Албетте, азыр Кудайга шүгүр, эзелтен эңсеген эгемендигибиз колубузда. Бирок бүгүнкү ааламдашкан доордо эгемендик менен катар элдин иденттүүлүгүн да бекем сактоо башкы маселе. Өзөгүбүзгө кайтып, тилибизди, дилибизди, динибизди, каада-салт, үрп-адаттарыбызды таза сактабасак, эгемен эл болгонубуз менен эртеңкибиз бүдөмүк бойдон калат. Өзөгүн жоготкон эл өздүгүн да жоготуп, эгемендигин да бат эле колдон алдырары бышык.
Чындыгында, аты-жөнүн өзгөртүү ар бир адамдын жеке чечими. Депутаттар Мирлан Самыйкожо жана Аманкан Кенжебаев болуп бирге демилгелеген мыйзам долбоорубузда аты-жөндү улуттук өзгөчөлүгүбүзгө ылайык жазууну сунуштаган бир нече варианттар берилген. Алардын ичинен тандап, мен Шакиев деген фамилиямды Тургунбек уулу деп өзгөртүүнү туура көрдүм. Албетте, Шакы чоң атабыздын аты өчпөйтэ Чоң атам катары ысымы урпактан урпакка айтылып, бир туугандарым Шакиев бойдон кала берет” деди ал.
Төрага өз атасы тууралуу буларды айтты:
“Ал эми Тургунбек атам жөнүндө айта кетсем, өзү өмүр бою жол тармагында эмгектенген карапайым адам эле. Үй түйшүгүн апама ишенип калтырып, өзү эл үчүн кызмат кылып жүрүп өттү. Аксы жергесиндеги далай жолду салууга катышкан адам катары “Жол — бул мамлекеттин кан тамыры”, — деп көп айтаар эле. Андыктан өз мээнети менен жети баласын өстүрүп, эмгеги менен элге таанылган атамдын уулу болуш мен үчүн сыймык.
Ошол эле учурда атамдын эле уулу эмесмин, мен кыргыздын уулумун. Бардык кыргыздын жүрөгүндө ушундай сезим жашашы керек. Биз канчалык өзгөрүп, канчалык окшошууга аракет кылбайлы араб да, америкалык да, орус да, европалык да боло албайбыз. Аларга окшошобуз деп жатып, өзөгүбүздү унутуп, маңкуртка айланып калабыз. Андыктан жаңыланууга, ошол эле учурда өзөгүбүзгө кайтып, кайра жаралууга мезгил жетти.
Биз өз тагдырыбызды эле эмес, улутубуздун дагы тагдырын ойлой жүрүшүбүз керек. Мен, сен ойлобосок, элибиздин эртеңи эмне болот?.. Кайдыгерлик түбүбүзгө жеткенче журт түйшүгүн мойнубузга алышыбыз керек. Ошондуктан мен элимдин эртеңи үчүн басымга да, кысымга да, ар кандай сындарга да кайылмын” деди.
26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында фамилия тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Самыйкожо, Нурланбек Шакиев, Аманкан Кенжебаев.
Мыйзам долбоорун демилгечилердин бири, депутат Мирлан Самыйкожо тааныштырды. Ал белгилегендей, бул өзгөртүүлөрдүн негизги максаты кыргыз салттарына жана маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык фамилияларды тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат.
Мыйзам долбоорунда фамилияларды жана атасынын аттарын жазуунун төмөнкү варианттарын кошуу сунушталат:
– чоң атасынын аты боюнча жазылганда чоң атасынын атына мүчө уланбастан ата-энесинин каалоосу менен атасынын атынан кийин эркек жынысындагы балдар үчүн «уулу» деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн «кызы» деген сөз жазылат;
– чоң атасынын атына «теги» деген сөз ажыратылбай чогуу жазылганда, ата-энесинин каалоосу менен атасынын атынан кийин эркек жынысындагы балдар үчүн «уулу» деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн «кызы» деген сөз жазылат;
– чоң атасынын атына «теги» деген сөз ажыратылбай чогуу жазылганда, ата-энесинин каалоосу менен эркек жынысындагы балдар үчүн илик жөндөмөсүнүн мүчөсү (дын/тын, дин/тин, дүн/түн жана башка) жана аял жынысындагы балдар үчүн чыгыш жөндөмөсүнүн мүчөсү (дан/тан, ден/тен, дөн/төн жана башка) атасынын атына уланып чогуу жазылат».
Сүрөт: kenesh.kg