Жогорку Кеңештин расмий делегациясы Россияда эки күн болот

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегация 21-22-февраль күндөрү Россияга расмий иш сапары менен барат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Бул жолку иш сапар VII чакырылыштагы кыргыз парламентинин делегациясынын алгачкы расмий иш сапары болуп эсептелет.

Эки күндүк иш сапардын жүрүшүндө кыргыз парламентинин Төрагасы Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы  В.В.Володин менен жолугушат. Анда парламенттик кызматташтык, ЕАЭБтин алкагындагы бирдиктүү иш аракеттер, соода- экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланат. Айрыкча миграция маселеси боюнча өз ара кызматташтыкка өзгөчө басым жасалат. Мында Кыргызстандын эмгек мигранттарын түйшөлткөн миграциялык каттоо, административдик чара көрүү маселелери жана жумуш берүүчүлөр тарабынан түзүлүүчү эмгек келишимдери туурасында сөз болот..

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегация Россия Федералдык жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы  В.Матвиенко менен да жолугушат.

Расмий делегациянын курамы:

— Мамытов Талант —  Жогорку Кеңештин төрагасы, делегация башчысы;

— Ормонов Улугбек — Жогорку Кеңештин депутаты, «Ишеним» парламенттик фракциясынын лидери;

— Мадумаров Адахан  Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери;

— Кадырбеков Нуржигит — Жогорку Кеңештин депутаты, «Ыйман нуру» парламенттик фракциясынын лидери;

— Мажитова Шарапаткан — Жогорку Кеңештин депутаты;

— Айдарбеков Чынгыз  — Жогорку Кеңештин депутаты;

— Самыйкожо Мирлан – Жогорку Кеңештин депутаты;

— Сулайманов Эльдар — Жогорку Кеңештин депутаты.

Сүрөттө: Талант Мамытов. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты