Жогорку Кеңештин комитети Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин айыл чарба министрлигине жактырды

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 26-декабрда конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот – укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Бакыт Төрөбаевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карап, жактырды.

Аталган маселе боюнча президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастан Жумабеков айыл чарбасын колдоо, ирригациялык системаны өнүктүрүү, айыл чарба техникаларын лизингге берүү жаатындагы маселелерге көңүл бурду.

Депутат Гуля Кожокулова Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматына Бакыт Төрөбаевдин кош жоопкерчилиги тууралуу маселени көтөрүп, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө насыя берүү, салык салуу механизмдери тууралуу маселелерди белгиледи.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты