Жогорку Кеңештин имаратында оңдоо-түзөө иштери жүрүүдө
- 11 месяцев мурун
Бүгүн, 10-июлда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин имаратында жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштерин көрүп чыкты.
Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Азыркы тапта Жогорку Кеңештин имаратынын чоң жыйындар залы толугу менен жаңыртылууда. Ошону менен катар 2023-жылы Жогорку Кеңештин техникалык базасын чыңдоо багытында Корея мамлекети менен жетишилген макулдашууга ылайык, парламенттин чоң жыйындар залы акыркы үлгүдөгү заманбап техникалар менен камсыздалып, мыйзам чыгаруу ишин санариптештирүүгө багытталган жумуштар жасалууда.
Борборубуздун чок ортосунда орун алган Ак үй 1984-жылы ишке берилген. Жалпы аянты 4,5 гектар жерди ээлейт. Акыркы жолу чоң жыйындар залы 2010-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

Сүрөттөр: kenesh.kg




