Жогорку Кеңештин экс-төрагасына артыкчылык берүү мыйзамын президент каршы пикири менен кайтарды    

Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга президент каршы пикирин билдирген. Бул маселе боюнча бүгүн, 2-сентябрда, парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселеси боюнча комитетинде юстиция министринин орун басары Сайра Ызакова чыгып сүйлөдү.

Баяндамада мындай деп айтылды:

— Ушул жылдын 21-майында Жогорку Кеңеш тарабынан Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам  кабыл алынган.  Аталган мыйзам Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасына байланышкан маселелерди жөнгө салуу үчүн сунушталган.

Тактап айтканда, мурдагы төрагага жана анын жубайына акысыз медициналык тейлөө көрсөтүү, дипломаттык паспорт  берүү, аэропорттордо жана темир жол вокзалдарында расмий адамдар жана делегациялар үчүн залдарды акысыз пайдалануу каралган. Бирок президент бул мыйзамды каршы пикирлери менен Жогорку Кеңешке кайтарды.  

Президенттин каршы пикиринде, Конституцияда экс-президентке гана өзгөчө статус жана артыкчылыктар берилген. Экс-президенттин артыкчылыктары Конституциялык негизге ээ болгондуктан экс-президенттин статусу жана артыкчылыктары өзүнчө мыйзам менен бекитилген. Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасына Конституцияда окшош статус каралган эмес.

Мындан тышкары, эгерде бул ченем башка мамлекеттик органдардын мурдагы жетекчилери тарабынан окшош мүнөздөгү талаптардын коюлушуна алып келиши мүмкүн.      

Ошондой эле президенттин каршы пикиринде, финансы министрлигинин корутундусуна ылайык, мыйзамды ишке ашыруу кошумча бюджеттик чыгымдарды талап кылат. Бирок бул чыгымдар 2025 жана 2026-2027-жылдарга республикалык бюджет мыйзамында каралган эмес. Мыйзамдар каржы булактары аныкталганда гана кабыл алынууга тийиш. Мында каржы булактары көрсөтүлгөн эмес.

Аталган комитет  Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндү президенттин каршы пикири кабыл алды.      

21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Кеңеш депутатынын статусу жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Демилгечи – депутаттар Улугбек Ормонов, Кундузбек Сулайманов, Динара Ашимова, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Бактыбек Сыдыков, Исхак Масалиев жана Марлен Маматалиев.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин экс-төрагасынын статусун белгилеп, ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жана мамлекет тарабынан кошумча укуктарды аныктоого багытталган.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты