Парламенттин экс-төрагасына жана жубайына артыкчылык берүү мыйзам долбоору кабыл алынды

  • 4 недели мурун

21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Кеңеш депутатынын статусу жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Демилгечи – депутаттар Улугбек Ормонов, Кундузбек Сулайманов, Динара Ашимова, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Бактыбек Сыдыков, Исхак Масалиев жана Марлен Маматалиев.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин экс-төрагасынын статусун белгилеп, ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жана мамлекет тарабынан кошумча укуктарды аныктоого багытталган.

Долбоорго ылайык, Жогорку Кеңештин мурдагы спикерлерине жана алардын жубайларына артыкчылыктарды берүү каралган. Мисалы, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасына расмий түрдө “мурдагы спикер” деген наам ыйгарылып, туруктуу күбөлүк берилет.

Мурдагы төрага жана анын жубайы акысыз медициналык тейлөө, дипломатиялык паспорт алуу, аэропорттордо жана темир жол вокзалдарда VIP залдарды бекер колдонууга мүмкүнчүлүк алышат. Ошол эле учурда соттун чечими менен күнөөлүү деп табылса, бул укуктары жокко чыгарылат.

21-майда парламент бул өзгөртүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда бир добуштан кабыл алды. Демилгечилер Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасына кошумча укуктарды берүү — анын өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна активдүү катышуусуна өбөлгө түзөт деп эсептешет.

Буга чейин министрлер кабинети мыйзам долбоору боюнча терс корутунду берген.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты