Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлыгы кыскартылды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлыктын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттарына кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча зарыл чаралар кабыл алынды, атап айтканда, парламентарийлердин кызматтык айлыктары төмөндөтүлдү.

 — Жогорку Кеңештин төрагасынын кызматтык айлыгы 30 миң сом өлчөмүндө;

 — Вице-спикерлер – 27 миң сом:

— парламенттик фракциялардын лидерлерине жана комитеттердин төрагаларына — 26 миң сом:

— депутаттарга — 25 миң сом өлчөмүндө аныкталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты