Жогорку Кеңештин чоң жыйындар залы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт
- 1 месяц мурун
Жогорку Кеңештин имаратынын чоң жыйындар залы санариптештирилип, заманбап техникалар менен жабдылары күтүлүүдө. Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымат берилди.
Анда айтылгандай, 2023-жылы Жогорку Кеңештин техникалык базасын чыңдоо багытында Корея мамлекети менен макулдашууга кол коюлган.
“Долбоордун алкагында парламенттин чоң жыйындар залы акыркы үлгүдөгү заманбап техникалар менен камсыздалып, мыйзам чыгаруу ишин санариптештирүүгө багытталган жумуштар жасалат. Ага ылайык, жыйындар залы толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, тиешелүү жабдуулар менен камсыздалышы кажет” деди төрага Нурланбек Тургунбек уулу.
Муну менен катар Ак үйдүн айланасындагы таман таштар да жаңыланары, бак-дарактар иретке келтирилип, жаңы көчөттөр олтургузулары айтылды.
Борборубуздун чок ортосунан орун алган Ак үй 1984-жылы ишке берилген. Жалпы аянты 4,5 гектар жерди ээлейт. Акыркы жолу чоң жыйындар залы 2010-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.
Сүрөт: Чоң жыйындар залы ушундай оңдолот. kenesh.kg
Муну бөлүшүү