Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча маселе комитеттин күн тартибине киргизилди
- 9 месяцев мурун
VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндө сунуш тармактык комитеттин күн тартибине киргизилди.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети 23-сентябрдагы жыйынында аталган маселени карайт.
Баяндамачы катары депутат Улан Примов көрсөтүлгөн.
Буга чейин Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча 32 депутаттан кол чогулганын парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу айткан.
Ал Жогорку Кеңешти таркатууга сырткы күчтөрдүн, президенттин же аткаруу бийлигинин укугу жоктугун, парламент өзүн-өзү гана тарката аларын билдирген.
Муну бөлүшүү




