Жогорку Кеңеште санариптешкен музей ачылды

Бүгүн, 9-сентябрда, президент Садыр Жапаров менен Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин катышуусунда парламенттеги санариптешкен заманбап музей менен жаңыланган жыйындар залдары ишке киргизилди. 

Президент менен төрага оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн залдарды көрүп, андагы түзүлгөн шарт-жагдай боюнча маалымат алышты. 

Атайын гид-робот аларды босогодон тосуп алып, музей тууралуу кеңири маалымат берди. Музей эки бөлүктөн турат, анын бири кыргыз элинин жана кыргыз парламентинин тарыхына арналган.

Ал эми экинчи бөлүгү “Санарип парламент” деп аталып, Жогорку Кеңештин жалпы ишмердүүлүгү, анын ичинен мыйзам чыгаруу иши санариптик форматта чагылдырылган.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты